ЭИТУнун ага окутуучусу Индия Республикасына акысыз эки ай окууга жолдомону сынактан утуп алган

2019 – ж., 19 январдан 24 февралга чейин ЭИТУнун “Маалыматтык система жана технология” кафедрасынын ага окутуучусу Аскарова Чолпон Индия Республикасынын Дели шаарына техникалык жана экономикалык кызматташтык боюнча ITEC программасы аркылуу квалификацияны жогорулатуу үчүн акысыз окууга барып келди. Ал бул курска атайын Индия элчилиги тарабынан уюштурулган сынактан жеңип алганын айтат. Окуудан сырткары, шаар ичин саякаттоо, Индия элинин маданияты менен таанышуу ж.б.у.с. ар түрдүү маданий иш-чаралар уюштурулган. 2 айлык окуу курсун ийгиликтүү аяктаган соң, атайын сертификат жана стипендия тапшырылган.

Эске салсак, ITEC программа – Индия өкмөтү тарабынан каржыланган КР жарандары үчүн кыска мөөнөттүү окуу курсу. Курс англис тили, информатика, телекоммуникация, менеджмент ж.б. багыттар боюнча окутат.  Ошондой эле Кыргызстан ITEC программанын маанилүү өнөктөшү болуп саналат.

Author: Meerim Ainykeeva
Likes: 0
Created at: March 26, 2019, 1:13 p.m.