Ат–Башы жана Жети - Өгүз райондорунда кесип тандоо боюнча семинар өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” программасын ишке ашыруу максатында, 2019 – жылдын, 25-26 апрелинде ЭИТУнун ректору Бегалиев У.Т., ЭИТУнун вице-президенти Укуев Б.Т. жана окутуучулар педагогика илимдеринин доктору, “Философия, эларалык маданият байланыш жана психология” кафедрасынын башчысы Коодоева Н.С., у.а. доцент Исенбаева А.Б., ага – окутуучу Давлетбекова А.Д. Нарын областынын Ат-Башы районундагы мектептерге кесип тандоо боюнча семинар өткөрүп келишти. Ошондой эле МЕКТЕП-КОЛЛЕДЖ-УНИВЕРСИТЕТ Республикалык кесип тандоо борборунун Ат-Башы районундагы филиалы ачылды.

 

Семинарда мектеп бүтүрүүчүлөрүн кантип кесипти туура тандоосу керектиги жана  ЖОЖдорго кабыл алуу жолдору тууралуу кенен маалыматтар берилди.

Андан сырткары, студенттерден куралган “Ийгилик жолу” интеллектуалдык оюну окуучулар 13 мектеп арасында таймаш өткөрүшүп, жалпысынан 75 окуучу катышышты. Жыйынтыгында, 1 орунду алган 5 окуучуга 50% арзандатуу менен ЭИТУга окууга сертификат ыйгарылды. 2 орунду алган 5 окуучу 30% арзандатууга, 3 орунду алгандар 10% арзандатуу менен окууга сертификаттар ыйгарылды.

 

Аталган семинар Жети – Өгүз районундагы Укуев Бейшенбек Такырбашевич атындагы мектепте болуп өттү. Андан сырткары, МЕКТЕП-КОЛЛЕДЖ-УНИВЕРСИТЕТ Республикалык кесип тандоо борборунун Жети-Өгүздөгү филиалы ачылды.

 Жыйынтыгында семинарга катышкан баардык мугалимдерге сертификаттар тапшырылды.

 

“Ийгилик жолу” интеллектуалдык оюну Жети-Өгүз районундагы орто мектептер арасында дагы өткөрүлүп, жыйынтыгында 30 мектеп, 33 команда, 160 окуучу катышкан. Интеллектуалдык оюндун жеңүүчүлөрү 50%, 30%, 10% арзандатуу менен ЭИТУда окууга мүмкүнчүлүк алышты.

 

 Эсиниздерге сала кетсек, кесип тандоо боюнча семинар жана мектеп арасында уюштурулган интеллектуалдык оюндар  Кыргызстандын баардык аймактарында март айынан бери активдүү өткөрүлүп келе жатат.  

Author: Meerim Ainykeeva
Likes: 0
Created at: April 30, 2019, 12:32 p.m.