ЭИТУда “Нооруз-2019” майрамы салтанаттуу белгиленди

20 март күнү ЭИТУда Нооруз – 2019 майрамы өзгөчө шаң менен белгиленди.  Майрамдык иш-чара бир күн мурун кайнатылган Сүмөлөктүн бетин ачуу менен башталып, андан соң ректор куттуктоо сөзү менен концерттин официалдуу бөлүгүн ачып берди. “Нооруз майрам кут болсун! Бул  майрам башка майрамдан аруулугу, тазалыгы менен өзгөчөлөнүп турат. Мына ушул күнү баардык каада – салттар эске салынып, улуттук оюндар ойнотулат. Демек, бул майрам улуттук баалулуктарыбыздын кандай бийик экенин дагы бир жолу даңазалайт. Ата – бабалар мурас калтырып кеткен бул майрам өзгөчө маанай, өзгөчө шаң менен тосуп алышыбныздарга тилектешмин. Ноорузда баардык айтылган каалоо – тилектер кабыл болсун!” Өз сөзүндө У.Бегалиев ЭИТУнун бир  жыл ичиндеги баардык жетишкендиктерине токтолуп, окуу жай ичиндеги институттар ачылып жатканы, студенттердин билим алуусуна  кеңейтилген шарттардын түзүлүп жатканын кошумчалай кетти. “Бул жылы өткөн жылга салыштырмалуу бир топ ийгиликтерди багындырдык. Студенттерибиз ЖОЖдор аралык олимпиада, универсиадалардан эн жакшы ийгиликтерди багындырып келип жатышат. Эл аралык мамилелер күчөдү”.

Ушундай эле куттуктоо сөзүн “Курулуш” кафедрасынын башчысы Матыева Акбермет Карыбековна айтып, окуу жайдагы студенттердин чет жакка барып билимдерин кеңейтип келүүсүнө тилектеш экенин кошумчалады.  

 Андан соң Умай Эне арча түтөтүп аластап, концерт ыр, бий, манас айтуу ж.б. номерлер менен коштолду.

 

 Тамак – аш боюнча уюшулган жарманкеге ар бир кафедра активдүү катышышып,  жыйынтыгында ар бир тдасторконго  номинациялар ыйгарылып, дипломдор төмөндөгүчө тапшырылды.

 

 

“Мыкты улуттук гүлазык”  – Инновациялык технологиялар экономика колледжи

“Мыкты салат” – “Электр энергетика жана электр техника” кафедрасы

“Мыкты улуттук суусундуктар” – “Курулуш” кафедрасына

“Мыкты улуттук тамактар”  – “Орус - Кыргыз базалык 1С: технологиялык” кафедрасы

“Мыкты таланттар” –  Жаштар борбору

“Мыкты уюштуруучу” –  “Архитектуралык чөйрөнүн дизайны”

“Мыкты кол өнөрчүлөр”  – Бишкек компьютердик системалар жана  технологиялар  колледжи

“Мыкты улуттук кийимдер”“Жеңил өнөр жайындагы кийимдердин технологиясы жана конструкциялоосу” кафедрасы  

 

Кафедра аралык улуттук аркан тартыш оюну болуп, ага төмөндөгүлөр жеңишке жетишишти:

 

1 – орун - “Курулуш” кафедрасы

2 – орун - “Архитектуралык чөйрөнүн дизайны” кафедрасы

3-орун - Бишкек компьютердик системалар жана  технологиялар  колледжи

 

 

24 кг чейинки гиря көтөрүү боюнча:

 

 1 – орун Есенаманов Нариман, 2 курс “Курулуш” кафедрасы, 86 жолу көтөрүп рекорддук баскычка жетти

 2 –орун Наби уулу Садык, 3 курс “Архитектуралык чөйрөнүн дизайны” кафедрасы, 80 упай

 3 – орун Абжалалов Мухаммед, 76 упайга ээ болду

 

 

Кол күрөш боюнча:

 

 1 – орун – Асан уулу Асат 3 курс, “Курулуш” кафедрасы

 2 – орун – Калматов Баяман 1 - курс“Курулуш” кафедрасы

 3 - орун – Бакытбек уулу Кожомберди

 

 

 

Кыздар арасындагы волейбол боюнча:

 

1 – орун – Эларалык инновациялык технологиялар университети

2 – орун - Бишкек компьютердик системалар жана  технологиялар  колледжи

 

 

 

 

Салтанатка келген катышуучулар жана коноктор жакшы каалоо-тилектери менен узашты.

 

Толугу менен сүрөттөр Фейсбуктагы официалдуу баракчабызда 

Author: Meerim Ainykeeva
Likes: 0
Created at: March 20, 2019, 5:07 p.m.