Турция мамлекетине ЭИТУнун студенттери тажрыйба алуу үчүн жиберилет

27 – февраль күнү, Эларалык инновациялык технологиялар университети менен Турция мамлекетинин, Бодрум шаарында жайгашкан “Infinity Hotel” мейманканасы менен бирге кызматташуу  боюнча келишимге кол коюлду. Келишимдин негизинде, менеджмент багытында окуган студенттер, тажрыйба алуу үчүн Турция мамлекетине жиберилип турат. Андагы студенттердин коопсуздугу, толук жумуш орду менен камсыз болуусу ж.б.у.с. бир катар сүйлөшүүлөр жүрдү.  

   Турция мамлекетине жиберилүүчү алгачкы студенттердин тобу, ушул жылдын май айында пландаштырылды.

 

Author: Meerim Ainykeeva
Likes: 0
Created at: Feb. 28, 2019, 9:55 a.m.