Универсиада – 2019: Бокс боюнча жыйынтык

 

 

«Тамекисиз спорт» урааны алдында өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын Универсиадасынын алкагында I, II лиганын жаш уландар арасында бокс боюнча жеңүүчүлөрү аныкталды.

6-апрелден 9-апрелге чейин Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин спорттук базасында I, II лиганын жаш уландар арасында бокс боюнча мелдеши өттү. Мелдеште 15 команда (I лига – 8 команда, II лига – 7 команда) катышып, 99 катышуучу болду.

Жыйынтыгында, I лиганын жаш уландар арасында бокс боюнча  52 кг салмакта 1 – орунду ЭИТУнун студенти Нурсултан  Халитов ээледи.

 

 Эске сала кетсек, буга чейинки волейбол, оор атлетика, дзюдо боюнча ЭИТУнун студенттери 1-2 – орунду камсыз кылышкан.

 

 

Author: Meerim Ainykeeva
Likes: 0
Created at: April 15, 2019, 1:52 p.m.