ЭИТУнун студенттери “Enactus – 2019” улуттук мелдештен “Жылдын жетишкендиги” наамына ээ болушту

 2019 – ж. 1 – июнунда Кыргызстандын 33 окуу жай арасында “Enactus – 2019” мелдеши болуп өттү.  Иш-чара Jannat мейманканасында өтүп, жалпысынан 300гө жакын студент катышкан.

Ар бир окуу жайдын студенттери өз демилгеси жана идеясы менен түзүлгөн экономика, экология, социалдык көйгөйлөр боюнча проектилерин көрсөтүштү.

Эл аралык инновациялык технологиялар университетинен түзүлгөн Enactus клубу – табигый каражаттан килем токуу ишин жандандыруу проектисин көрсөтүштү. Эң негизги өзгөчөлүк – учурда бул проект өз алдынча студенттер тарабынан ишке ашууда. Калыстар тобу тарабынан бул проект жактырылгандыктан “Жылдын жетишкендиги” (“Прорыв года”) номинациясына ээ болду.

  “Эң негизгиси жакшы тажрыйба топтодук. Бул биз үчүн башталышы гана. Жетишкендиктер али алдыда” – деп билдиришти ЭИТУнун  жаратман студенттери.

Андан сырткары, уюштуруу иштерине  жана калыстар тобуна ыраазычылыктарын билдиришти.

Enactus – калктын коомдук – экономикалык көйгөйүн ишкердикти өнүктүрүү аркылуу жакшыртуу максатында студенттер жаштар клубу аталат. Жыл сайын өлкө ичинде ЖОЖдор арасында проекттер боюнча сынак өткөрүлуп, андан соң жеңүүчүлөр дүйнөлүк сынакка ат салышат. Эсиңиздерге сала кетсек, ушундай эле чоң сынак Казакстандын окуу жайлар арасында ушул эле жылдын апрель айында өткөн. Ага ЭИТУдан эдвайзер катары студенттер окутуучу менен барып келишкен.

 

 

 

 

Author: Meerim Ainykeeva
Likes: 0
Created at: June 6, 2019, 10:53 a.m.