ЭИТУнун бүтүрүүчүсү студент кезде чийген “Бүркүт” футбол стадиондун долбоору көпчүлүктү кызыктырды

    

 

 

Президент С.Жээнбековдун демилгеси менен ушул жылы Бишкек шаарында ФИФАнын стандартына жооп бере туруучу  футбол стадион курулуу астында турат. Буга катар ЭИТУнун “Архитектура дизайнери” кафедрасынын бүтүрүүчүсү Кубанычбеков Якутбектин дипломдук ишинде жазган “Бүркүт” футболдук стадиондун проектиси буга чейин бир топ массалык маалымат каражаттарына тарап, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан. Ал бул долбоорду чийгенинин бирден бир себеби  Кыргызстанда дүйнөлүк стандартка жооп бере турчу стадиондун жоктугу себеп болгонун айткан.

Автордун айтымында, долбоордо стадион 30 миң кишиге эсептелинип, анда баардык адамдар отура турган орундуктан тарта, автоунаа токтотуучу жай, тамактанган жер, жаш балдар үчүн машыга турчу аянтча, сейилдөөчү аллеядан бери чийилип, жалпы жонунан 6 г жерге ылайыкталган. Стадионду куруу долбоор боюнча борбор калаанын Аалы Токомбаев –Ч.Айтматов кесилишине пландалган. Бул боюнча 1 март күнү, КР Өкмөтүнө караштуу  жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов ж.б. архитекторлор менен болгон жолугушууда дагы көрсөтүлүп талкууланды. Жолугушууда К.Аманкулов  өкмөт тараптан жер бөлүнүп берилээри жана долбоорлор сынак аркылуу КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан кабыл алынаары жана инвестор изделип жаткандыгын тастыктады.

Учурда  Кубанычбеков Якутбек курулуш компаниялардын биринде иштейт.

 

 

 

 

Author: Meerim Ainykeeva
Likes: 0
Created at: March 4, 2019, noon