ЭИТУнун студенттери карылар жана балдар үйүнө, онкологиялык оору менен жабыркаган балдарга кайрымдуулук колун сунушту

Жыл жаңыраар астында, кайрымдуулук иш-чараны  уюштуруу окуу жайдын кызматкерлери жана студенттери үчүн салтка айланып калган. Бул жылы да, аталган иш-чараны колго алуу  унутта калган жок.   

2018 – жылдын, 28 – декабрында, окуу жайдын окутуучулары  жаштар клубу менен биргеликте, Республикалык балдар онкология ооруканасына барышып, анда оору менен күрөшкөн балдардын ата-энелери менен жолугушуп,  акчалай жардам, китеп ж.б. белектерден берип келишти. Кайрымдуулук иштерге кол сунган студенттер андан ары карылар үйүнө барышып, Жаңы Жылдары менен куттуктап, жылуу кийим, акчалай  жардам таркатышып, андагы кызматкерлердин, карылардын ак баталарын алып узашты.  Андан соң, Беловодск шаарында жайгашкан балдар үйүндөгү наристелерди  белектер, жумшак оюнчуктар менен Жаңы Жылы менен куттуктап келишти.

 Кайрымдуулукка  жумшалган каражатты мугалимдер жана студенттер өз  каалоолору менен чогултушкан. 




Author: meerimainykeeva
Likes: 0
Created at: Jan. 11, 2019, 4:52 p.m.