КЫРГЫЗ ТИЛИН МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫНДА КОЛДОНУУ

РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЭҢГЕЛДЕ УЮШТУРУЛГАН ПРОГРАММАЛОО БОЮНЧА «КЫРГЫЗ ТИЛИН МААЛЫМАТТЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫНДА КОЛДОНУУ» АТТУУ АЧЫК СЫНАГЫНЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ

2018 жылдын 4 октябрында Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде Мамлекеттик тил – маалымат технологияларында аттуу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган конференция өткөзүлдү.

Конференциянын 1 - бөлүмүндө «Кыргыз тилин маалыматтык технологияларында колдонуу» жана “Эне тил жана Айтматов” секциялары боюнча жумуштар каралды.

Биринчи секцияда студенттердин мамлекеттик тилге жана мамлекеттик тилде программаларды түзүүгө болгон кызыгуусун арттыруу максатында Республикалык дэңгелде уюштурулган программалоо боюнча «Кыргыз тилин маалыматтык технологияларында колдонуу» аттуу ачык сынагынын жыйынтыгы чыгарылды.

Жалпы Республткалык сынак Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, «УЛУТ Софт» жоопкерчилиги чектелген коому жана Эл аралык инновациялык технологиялар университети тарабынан уюштурулду.

Сынактын финалдык бөлүгүндө Кыргыз экономикалык университети, Кыргыз-Турк Манас университети, Жалал-Абад мамлекеттик университети, Эл аралык иновациялык технологиялар университети, И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Бишкек Компьютердик системалар жана технологиялар колледжинен 9 доолборлор катышты.

Сынак биринчи жолу республикалык денгелдее өткөрүлүп жатат.

Доолборлор Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын буйругу менен түзүлгөн калыстар тобу тарабынан сыналды.

Студенттер долбоорлордо түзүлгөн тиркемелеринин иштөөсүү бонча билдирүү жасашып калыстар тобунун мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп беришти. Долбоорлор боюнча билдирүүлөр кызыктуу өттү. 

Билдирүүлөр аяктаган соң Калыстар тобу жумуштарды сынактын жобосунда коюлган талаптар бонча сынашып чечим кабыл алды.

Калыстар тобу:

1 орунду «Эл сөзү» долбооруна ыйгарылды (жетекчиси - Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «Информатика жана окутуудагы маалымат технологиялары» кафедрасынын ага окутуучусу Мамадразаков Жумабек Барктабасович жана аткаруучу студентер Сатыбалдиева Акылай, Алмазбекова Чолпонай Алмазбековна, Уланбек кызы Чынара) I даражадагы диплом жана ноутбук менен сыйлоо;

2 орун «Пифагор» долбооруна ыйгарылып (жетекчилери –  Кыргыз-турк Манас университетинин Колдонмо математика жана информатика бөлүмүнүн башчысы, профессор Асан Омуралиев жана Кыргыз экономикалык университетинин «Колдонмо информатика» кафедрасынын ага окутуучусу Аманалиева Махабат Олжобековна, аткаруучу студентер Исраилов Элбар, Райымбеков Айбек Мирбекович, Эсенаманова Айзада) II даражадагы диплом жана планшет менен сыйлоо;

3 орун «Кыргызстан маалымат системасы» долбоору ыйгарылды (доолбордун жетекчиси -Эл аралык иновациялык технологиялар университетинин «Маалымат системалары жана технологиялары» кафедрасынын башчысы Мекенбаев Бактыбек Тойматович, аткаруучу студент Өмуралы Дуйшөнов) III даражадагы диплом жана планшет менен сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алды.

Салтанаттын экинчи бөлүмүнүн ачылышында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кубанычбек Жумалиев сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевге Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин “Ардактуу доктору” наамын тапшырды.

Назаркул Ишекеев университеттин жалпы жамаатын малекеттик тил майрамы менен куттуктап, мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлерди “Кыргыз тили” төш белгиси жана Ардак Громаталар менен сыйлады.

Сынактын

Сынактын  жеңүүчүлөрү жана катышуучулары ноутбук, планшет ж.б. баалу сыйлыктар менен сыйланышты.

Сынакка УЛУТ Софт» жоопкерчилиги чектелген коому жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы демөөрчүлүк көрсөттү. Ошондой Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, Айыл банк жана “РСК” банктар белектерин тартуулашты.

Сынактын уюштуруучулары демөөрчүлүк кылган “УЛУТ Софт” компаниясына, “Инфоком” мамлекеттик ишканасына, “РСК” жана “Айыл” банктарына терең ыраазычылыгын билдирди.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги сынакты уюштурууда чоң колдоо көрсөттү.

Катышкан студентер жана доолбор жетекчилери сынакты мындан ары улантуу керек экендигин сунуш кылышты.

Иш чара андан ары концерттик программалар менен коштолду.

Author: nazarovbakhor
Likes: 0
Created at: Oct. 10, 2018, 10:58 a.m.