ЭИТУда “Ачык эшик күнү” болуп өттү

 

2019 – жылдын, 12 – апрелинде ЭИТУда  салтка айланган мектеп бүтүрүүчүлөр үчүн “Ачык эшик күнү”  болуп өттү.  “Ачык эшик күнүнө”  борбор калаабыздын мектептеринен 400гө жакын бүтүрүүчүлөрү келишти.

Келген мектеп бутүрүүчүлөрү үчүн фойеде ар бир кафедранын студенттеринин кол өнөрчүлүк менен жасалган эмгектери  көргөзүлүп,  андан соң университет  ичине чакан саякат уюштурулуп,  ар бир багыт боюнча мастер – класс уюштурулду.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө, ЭИТУнун ири залында чакан концерт уюштурулуп, соңунда окуу жайдын жетекчилери тарабынан университеттин тарыхы, бүгүнкү күндөгү орду, эларалык байланыштары жана  бүтүрүүчүлөрдүн жараткан ийгиликтерине токтолушуп, окуу жай тууралуу кенен маалымат берилди.

Иш-чаранын максаты – мектеп бүтүрүүчүлөрүнө келечекте туура кесип тандоого багыт жана ЭИТУга тапшыруу боюнча толук маалымат берүү болуп саналат.

Author: Meerim Ainykeeva
Likes: 0
Created at: April 15, 2019, 12:05 p.m.