Студенттер окутуучулар менен биргеликте заманбап энергия жабдыгын орнотушту

2019 – ж. 3 – июн күнү ЭИТУда  салттуу эмес калыбына келүүчү энергия булактарын алуучу, күн орнотмо коюлду. Бул чакан лаборатория “Электроэнергетика жана элетротехника” институтунун башчысы Садыков М.А. жана окутуучу Байышов Э.Н. бүтүрүүчү студенттер менен биргеликте ишке ашырышты.

 

Күн батареясында кошумча аккумулятор, инвертор жана ток кубаттоочу  жабдыктарынын баары камтылган. Бул автоматташтырылгандыктан эч кандай көзөмөлдү талап кылбайт жана экологиялык жактан зыяны жок.

Учурда коомдо  күн батареясына болгон талап өсүп келе жаткандыктан,  негизги максат – студенттердин  практикалык негизде үйрөнүүсү жана буйрутма аркылуу өз алдынча каражат табуусу болуп саналат.

Баардык жабдыктарга демөөрчү катары – ЭИТУнун бюджетинен жана “Бүтүрүүчүлөр ассоциациясынан” 130 000 сомго  жакын акча каражаты которулду.

Эске сала кетсек, күн батареясы Кыргызстанда 2006 – ж. бери орнотулуп келет.

 

Author: Meerim Ainykeeva
Likes: 0
Created at: June 4, 2019, 11:48 a.m.