Универсиада – 2019: ЭИТУнун студенттери самбо боюнча чемпион болушту

«Чылымсыз спорт» урааны алдында өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын Универсиадасынын алкагында II лиганын жаш уландар арасында самбо боюнча жеңүүчүлөрү аныкталды.

 2 апрель күнү Мектеп жана студенттик спортту өнүктүрүү боюнча  дирекциясынын спорттук базасында II лиганын жаш уландардын арасында самбо боюнча мелдеши өттү. Мелдеште 5 команда катышып, 36 катышуучу болду. 

Жыйынтыгында ЭИТУнун студенттери жогорудагы жетишкендиктерге ээ болушту:

Башкы машыктыруучу: Аскар уулу Аскат 

 

55 кг:

1-орун – Медетбек Раманкулов, (разряд жок) р/ж

 

57 кг:

2-орун – Жыргалбек Абдикарим уулу, р/ж

 

68 кг:

3-орун – Кайрат Тойчыбеков, р/ж

    Эске сала кетсек, Универсиада – 2019 ушул жылдын март айынан бери өткөрүлүп келе жатат. Буга чейин ЭИТУнун студенттери волейбол, оор атлетика боюнча жакшы жыйынтыктарды көрсөтүшкөн.

 

Author: Meerim Ainykeeva
Likes: 0
Created at: April 10, 2019, 2:50 p.m.