«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жɵнүндɵгү» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата «Кыз-Жигит сармерден» таймашы болуп өттү.

2019-жылдын 3-октябрында Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жɵнүндɵгү» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата «Кыз-Жигит сармерден» таймашы болуп өттү. Иш чаранын максаты: студенттердин жан дүйнөсүнө улуттук тилдин, маданияттын, каада-салттын баркын жеткирүү, жаштарды өз эне тилин, дилин, маданиятын барктай билүүгө тарбиялоо. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жакыбалиев Кутмырза, Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин ректору Бегалиев Улугбек Турдалиевич,
ЭИТУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Матыева Акбермет Карыбековна, окуу жайдын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, профессордук-окутуучулук курамы, студенттери катышты. «Кыз-Жигит сармерден» таймашын ЭИТУнун ректору У.Т.Бегалиев ачып, КРдин Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Жакыбалиев Кутмырзага узатты. Чыгып сүйлөгөндөр мамлекеттик тилдин маанисин, аны өнүктүрүү ар бирибиздин милдетибиз экендигин, ушул сыяктуу иш чаралар студенттердин кыргыз тилине болгон мамилесин жакшы нукка буруп, улуттук  иденттүүлүгун калыптандыраарын баса белгилешти. «Кыз-Жигит сармерден» таймашы өтө курч мүнөздө өттү.
Таймаш: ырларды кɵркɵм окуу, обондуу ырлар, макал-лакап айтышуу, табышмак айтышуу, манас айтуу, бий, улуттук аспаптарда ойноо, жаңылмач айтышуу сыяктуу бɵлүмдɵрдɵн туруп, ар бир аткарылган номерлер көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды. Жеңүүчүлөрдү аныктоо калыстар тобу үчүн өтө кыйын болду. Анткени эки команда тең абдан мыкты
даярдык менен чыгышкан. Калыстар тобу “Жигиттер” командасын жеңүүчү деп тапты. Жеңүүчүлөр 1-даражадагы диплом жана өтмө кубок менен сыйланды. Ар бир номер боюнча мыкты аткарган студенттерге мактоо баракчалары ыйгарылды. Иш чараны “Маданият аралык байланыш жана психология” институтунун окутуучулар жамааты жана “Жаштар борборунун” жетекчиси Г.К.Жумаматова, борбордун мүчөлөрү уюштурду.

Author: Alimov Tillo
Likes: 0
Created at: Oct. 7, 2019, 4:37 p.m.