“Аял затынын жогорку окуу жайды аяктагандан кийинки коомдогу орду” атуу семинардын башкы спикери болуп Жунушалиева Н.М. катышты

2019 – ж., 13 мартта  №91 мектепте ИТЭКтин бүтүрүүчүсү  Таңатар уулу Сыймык тарабынан уюштурулган “Аял затынын жогорку окуу жайды аяктагандан кийинки коомдогу орду" аттуу семинар болуп өттү.

  Семинардын алкагында ИТЭКтин директору Жунушалиева Нурзат Манасовна келген катышуучулар менен биргеликте  “Аял затынын коомдогу орду, анын миссиясы ж.б.у.с. теманын айланасында  лекция окуду.  Андан соң, суроо – жооп ирээтинде дискуссия болуп, келген катышуучулар өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү. Жыйынтыгында кызуу талкууланган семинардан соң, башкы спикер катары катышкан Жунушалиева Н.М. тарабынан келген катышуучуларга белектер тапшырылды.

 Эсиңиздерге сала кетсек, “Аял затынын жогорку окуу жайды аяктагандан кийинки коомдогу орду" аттуу семинар тынымсыз шаарыбыздын мектептеринде уюштурулуп келет. Семинарды башкы демилгечи Таңатар уулу Сыймык уюштуруп,  коомубуздагы белгилүү айымдар менен биргеликте өткөрүлөт.

Author: Meerim Ainykeeva
Likes: 0
Created at: March 26, 2019, 4:34 p.m.