Жашыл ай коому - Эл аралык инновациалык технологиялар университетинде.

15 нен 24 нө чейин “ЗЫЯНДУУ АДАТТАРДЫН  КЕСЕПЕТТЕРИ” ТЕМАСЫНДА

                     КАРИКАТУРА КӨРГӨЗМӨСҮ болуп ӨТӨТ.

Жашыл Ай Коому уюштурган, таанымал чет өлкөлүк карикатуристтердин калемине таандык "Зыяндуу адаттардын кесепеттери" аттуу эл аралык карикатура көргөзмөсүндө терс адаттардын түрлөрү жана таасирлери чагылдырылган.

Көргөзмөнүн максаты - Кыргызстанда, өзгөчө жаш муун арасында никотин (тамеки, насвай), спирт ичимдиктери, баңгизат, кумар жана технологиялык (интернет, гаджет) көз карандылыктын алдын алуу иштерин жүргүзүү аркылуу коомчулукту саламат жашоого үндөө жана дени сак муун тарбиялоо.

Университеттик комплексинин жамааты жана студентери карикатураларды чоң кызыгуу менен көрүп талкууга алышты.

31.12.2018 жылына чейин  “ЗЫЯНДУУ АДАТТАРДЫН КЕСЕПЕТТЕРИ” аттуу плакат конкурсу болуп өтөт.

БАШКЫ БАЙГЕ - 30 000 сом.

Мыкты 5 плакатка - 10 000 сомдон.

Атайын 3 сыйлык – 7000 сомдон.


Author: nariman
Likes: 0
Created at: Oct. 22, 2018, 4:30 p.m.