ЭИТУнун бүтүрүүчүсү Айзаратбек 22 жашында “Кадамжай Жаштары” коомдук фондун түптөгөн

 

 

Эсенов Айзаратбек 26 жашта. Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Сырт айылында туулган.  №30 О.Тешебаев атындагы Сырт орто мектебинде билим алган. Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин “Маалымат системалары жана технологиялар” багыты боюнча жогорку билим алып, артыкчылык  менен аяктаган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын маалымат технологиялар бөлүмүндө диплом алдындагы практика өтөп, Жогорку Кеңеш депутаты С.М. Джураевдин жардамчысы жана Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Маалымат технологиялар бөлүмүндө эмгектенген.

 

Учурда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын Котормо, терминология жана жарнама иштери бөлүмүндө жооптуу кызматта иштеп келет. Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин Юридикалык факультетинде юридика багыты боюнча  4-курсунда сырттан билим алат. Окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери жана активдүүлүгү үчүн бир топ мамлекеттик мекемелердин сыйлыктары менен сыйланган. 2015-жылдан баштап жумуш, окуу менен биргеликте, “Кадамжай Жаштары” коомдук фондун негиздеп, бүгүнкү күнгө чейин жаштар арасында: маданий, спорттук, агартуучулук жана кайрымдуулук жаатында бир топ иш чараларды өткөрүп келет.

 

Саламатсызбы Айзаратбек. Учурда алган билимиңиз менен ийгиликтүү эмгектенип жатасыз, эмне себептен Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде билим алууну тандап алгансыз?

 

- Саламатчылык. Мен  мектепте окуп жүргөндө эле техникага кызыгып, технология жаатында адис  болууну кыялданчу элем. 7-классымда  атам компьютер сатып берген, ал убакта биздин мектепте бир эле компьютерди колдончубуз. Айыл жергесинде маалыматтык технологияны түшүнгөн мугалимдер, адистер жокко эсе болгондуктан өзүм аракеттенип компьютерди колдонгонду үйрөнүп алгам. Программа түзүүгө  кызыгуум  күчөп, 10-класста окуп жүргөндө өз алдымча программалоонун “Бейсик” тилин үйрөнүп, райондук олимпиадада  2-орунду жеңип алгам. Орто мектепти аяктагандан кийин мен да башкалардай эле шаарга жогорку окуу жайга тапшырганы келгем. Бир топ  жогорку окуу жайлар менен таанышып, бир чечимге келе элек болчумун. Анан мага Эл аралык инновациялык технологиялар университетин  сунуштап калышты. Барып университет менен таанышып, өзгөчө окутуу методикасы, инновациялык технологияларды, нано технологияларды эл аралык талаптарга ылайык окутуп үйрөтүүүсү мени ынандырган. Ошентип 2010-жылдан баштап Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде  окуп калгам.

 

- Демек, сиз тандоодо жаңылбаптырсыз да.  Үмүтүңүз акталдыбы?

 

Билим алуу кымбат турат, бирок билимсиз калуу андан да кымбат” деп айтылгандай мен да башкалардай болуп жогорку билим алганыма Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин бүтүрүүчүсү болгонума абдан сыймыктанам. Себеби, жогоруда айткандай, окутуу методикасы, мугалимдердин профессионалдуулугу жана акыркы үлгүдөгү техникалык жабдуулар менен  сабак өтүүсү ж.б. азыркы замандын талабына ылайык бардык шарттары бар. Кыргызстанда өнүгүп келе жаткан жогорку окуу жайлардын биринде билим алдым десем болот.

Албетте, үмүтүм 100 пайыз акталды десем болот.  Бала кезимде кыялданып-самап келген кесиптин ээси болуп, өзүм ойлогондой университеттен билим алып, бүгүнкү күндө алган билимимди, тажырыйбамды, жаштыгымды колдонуп, аз да болсо өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошуп келе жатам десем болот.

 

Бүгүнкү күндө республикабыздын маалымат технологияларынын абалы кандай жана келечегин кандай элестетесиз?

 

- Бүгүнкү күндө маалымат технологияларынын абалы, таасири, орду өтө чоң, себеби ааламдашуу доорунда коомдун, жарандардын жашоосунун жеңилдешине, маалымат алмашуусуна  жаңы технологиялар өзүнүн  түздөн-түз таасирин тийгизип жаткан учуру. Адамдардын жашоо-шартын, турмуш-тиричилигин жеңилдете турган техникалар ойлоп табылып, технологиялар күн санап өсүп, өнүгүп жаткан заман. Ал эми келечегине токтоло кете турган болсом, эл аралык эксперттердин айтымында акыркы 50 жылда технология жаатында өнүккөн мамлекеттер дүйнөнү башкарат жана интернеттин баа-баркы менен кирешелүүлүгү нефтинин ордун басат имиш. Албетте, мен буга кошулам. Азыркы тапта биздин жашоо-шартыбыздын ыңгайлуулугун, комфорттуулугун, убакыттын экономдуулугун ушул технологиялардын жардамы менен түзүүдөбүз. Биздин Өкмөт да буга кайдыгер карабай, “Коопсуз шаар”, “Түндүк” “Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн электрондук порталы” ж.б. ушундай чоң улуттук долбоорлордун үстүндө иш алып барып, электрондук өкмөттү түзүүгө аракеттенип жаткан убагы. Ошону менен катар эле, мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө маалымат технологиялардын ролуна да токтолгум келип турат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 103 тилдүү Google Translate онлайн котормосуна кыргыз тили да кирип, бүгүнкү күндө котормолордун сапаты күн санап жакшырууда.

 

 Ошондой эле, кыргыз Википедиясына 80 миңден ашуун макаларлар киргизилип, өз кызматын аткарууда. Жыйынтыктап айтканда, тилди, дилди, маданиятты, жалпы эле өлкөнү өнүктүрүүдө маалымат технолгияларынын ролу эбегейсиз чоң. Биз да өнүккөн өлкөлөрдөн артта калбай, алдыга гана умтулушубуз керек.

 

- Сиздин коомдук иштерге да активдүү катышып жүргөнүңүздү билебиз, убакытыңызды кантип бөлүштүрөсүз?

 

- Өзүм коомдук иштерге катышып, коом менен аралашып жүргөнгө кызыгам. Студент кезде жаштар арасындагы иш чараларга активдүү катышып жүрүп, 5- курста жаш жердештер арасында ынтымакты, достукту, биримдикти бекемдөө максатында “Кадамжай Жаштары” коомдук фондун  негиздеп, билим, маданият, спорт, кайрымдуулук дегендей төрт багытта иш алып барып келебиз. Өзүм уюштуруу иштерине, жаштар менен иш алып барганга кызыккандыктанбы, убактым боло калса эле студенттер жана окуучулар арасында иш чара уюштурганга аракет кылам. Бүгүнкү  күндө фонд Бишкек, Ош жана Кадамжай шаарларындагы жаштар арасында ар кандай интеллектуалдык оюндарды, тренинг-семинарларды, маданий, кайрымдуулук жана спорттук иш чараларды уюштуруу менен өз ишин жүргүзүп келет.

 Башка жерде, тааныбаган адамдар менен таанышып иш алып баруу жана бир нерсени баарына тең жага тургандай кылып, жогорку деңгээлде уюштуруу өтө көп эмгекти талап кылат. Азыркы заманда эки адамдын башын бириктирип ынандыруу кыйын нерсе, ошого карабай жакшы ниет, ой-максат менен фондду түптөп, эмгектенип, бир топ жетишкендиктерди камсыздадык десем болот. Убакытты бөлүштүрүү боюнча айта кетсем: ар бир адам өзү каалаган нерсесине убактысын туура пайдалануу  менен жетсе болот. Мен жумуштан сырткары спорт менен алектенип, тил үйрөнүү үчүн курстарга барганга, китеп окуп, мусулманчылык парзымды аткарууга жана ошондой эле, жакын адамдарым менен жакшы күндөрдө бирге болгонго аракет кылам.  Аягында абитуриенттерге  жалпы эле жаштарга кайрылып кетким келип турат   “Бүчүр байлабаган дарак- отун”  дегендей ар дайым бүчүр байлап элге-жерге пайда алып келгенге, билимдүү болгонго умтулгула.

 

Автор: Meerim Ainykeeva
Жакты: 0
Түзүлгөн: May 13, 2019, 2 p.m.