Республика боюнча 150 окуучу катышкан “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюндун жеңүүчүлөрү аныкталды

2019 – ж. 28 – май күнү ЭИТУда “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюндун Республикалык туру болуп өттү. Аталган таймаш буга чейин “Ийгилик жолу” волонтердук клуб тарабынан Республиканын 7 областтындагы бардык мектептер арасында өткөрүлүп келген. Жыйынтыгында таймашта 1-орунду камсыз кылган 150 окуучу финалдык турга ата – эне жана класс жетекчилери менен келишти.  

Бул иш-чара тууралуу "Спутник" жана "Азаттык" маалымат булактары аркылуу билдирилген. 

Бул уюшулуп жаткан таймаштын максаты - окуучулардын логикалык ой-жүгүртүүсүн өстүрүү жана интеллектуалдык жактан билимдүү болуусун көздөйт.  “Акыл таймаш” долбоорунун демилгечиси жана бул иш – чаранын уюштуруучусу, т.и.к., у.а.доцент Матыева Акбермет Карыбековна төмөндөгүлөргө токтолду:

 “Бул “Акыл таймаш” интеллектуалдык оюнду өткөн жылдын декабрь айында өлкөбүздун жер-жерлеринде өткөрө баштаганбыз. Бүгүн жыйынтыктоочу турун  2019 – жыл “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына карата жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” КР Мыйзамынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдык мааракесине карата  ошондой эле Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын жыйынтыктап Республикалык деңгээлде бул иш-чараны уюштуруп жатабыз.

Таймаш биз күткөндөн дагы жогорку деңгээлде өттү. Келип берген катышуучулар, ата – эне, мугалимдерге терең ыраазычылык билдиребиз. Албетте, бул иш-чара ушуну менен токтоп калбайт. “Ийгилик жолу” волонтердук клубу мындан ары ишин мындан дагы жогорку деңгээлде өткөзө  берет.”

 

Финалдык тур абдан кызыктуу, тайпалар арасында бири-бри менен болгон чоң атаандаштык менен өттү.  Жыйынтыгында жеңүүчү катары 1 – орунду Нарын областындагы, Ат-Башы районунун Жолдубай Кайыпов атындагы мектептин окуучулары  камсыз кылышып, тайпадагы 5 окуучу ЭИТУга 4 жыл бою акысыз окууга сертификат утуп алышты.

2 – орунду камсыз кылган Баткен областынын, Кадамжай районунун Барпы Алыкулов орто мектебинин окуучулары 25 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушту.

3 – орунду камсыз кылган Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Э.Кендирбаев мектебинин окуучулары 15 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Калган катышуучуларга китеп жана активдүү катышкандыктары үчүн Дипломдор ыйгарылды.

Мындай чоң иш-чараны уюштуруп жаткан ЭИТУ окуу жайына ыраазычылык билдирген Ж. Кайыпов атындагы мектептин бүгүнкү жеңүүчү окуучулардын класс жетекчиси Султанбеков Арзыбек төмөнкүлөргө токтолду: “Биз жыйырма команда ичинен суурулуп биринчи орунду алгандыгыбызга толкунданып отурабыз. Бизди бул таймашка даярдап жиберген кыргыз тили, тарых мугалимдерине терең ыраазычылык билдиребиз. Үзгүлтүксүз даярданганыбыздын үзүрүн көрүп ЭИТУга акысыз окууга 5 жолдомого ээ болдук. Бул үчүн окуу жайга дагы бир ирет ыраазычылык билдирем”.

 

 Таймашта калыстар тобунун мүчөлөрү  Бишкек ш.мэрия алдындагы маданият бөлүмүнүн башчысы Асанкадыр Советжан, КР Билим берүү жана илим  министрлигинин “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү” секторунун башчысы Ибраимова Гулнара, И.Разаков атындагы КТУнун ага окутуучусу, тарыхчы Үтүров Эркин, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ага окутуучусу, кыргыз тилчи Жусупкелдиев Кадыржан жана КР Президенттигине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын мүчөсү Эсенов Айзаратбек болду.

 

4 саатка созулган интеллектуалдык оюн жыйынтыкталып, сыйлыктар тапшырылган соң келген катышуучуларга шаар ичине жана “Ата –Бейит” мемориалдык комплекске экскурсия уюштурулду.

 

 

Автор: Alimov Tillo
Жакты: 0
Түзүлгөн: May 29, 2019, 1:12 p.m.