Волейбол боюнча “Ректордун кубогу” болуп өттү

2019 – жылдын 6 – май күнү Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде эркектер команда арасында волейбол боюнча  “Ректордун кубогу” болуп өттү. Таймашка окуу жайдагы  баардык кафедранын студенттери курама командалары катышышкан.

 

 Турнирдин жыйынтыгы менен окуу жайдын ректору У.Т.Бегалиев жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшырды.

 

1 – орунду  “Архитектуралык чөйрөнүн дизайны” кафедрасы ээлеп, “Ректордун кубогу” жана ар бир оюнчу  Грамота менен сыйланышты

2 – орунга  “Дизайнер” кафедрасы китеп жана ар бир оюнчу Грамота менен сыйланды

3 – орунду Энергетика кафедрасынын студенттери ээлешип,  Грамота менен сыйланышты.

 

 Волейбол боюнча “Ректордун кубогу” жыл сайын өткөрүлүп келет.

 

Автор: Meerim Ainykeeva
Жакты: 0
Түзүлгөн: May 13, 2019, 12:59 p.m.