Сведения об образовательной организации
English
Подбери программу
Подбери программу

"Кыргыз тили жана Айтматов ааламы"

Категории:

2023-жылдын 4-декабрында Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан жарыяланган “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилди өркүндөтүү жана Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына карата жарыяланган үч айлыгынын алкагында “Ч.Айтматов – улуу ойчул” аталышында иш чара болуп өттү. Алгач ЭИТУнун ректору У.Т.Бегалиевге, ЭИТУнун мамлекеттик тил жана инновация боюнча проректору А.К.Матыевага сөз берилди. Андан соң “Адам жана жаратылыш” темасында (Ч.Айтматовдун “Тоолор кулаганда” романындагы Арсен Саманчин менен Жаабарстын тагдыры боюнча) дил баян жазуу сынагынын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланды. Сынакка ЭИТУнун бардык багытта окуган 1-курстун студенттери катышты. Сынактын жыйынтыгында дил баянды эң жогорку деңгээлде жазган студенттер төмөнкүдөй жыйынтык көрсөтүштү:

1-орун – Нурдинова Айпери грамота жана баалуу сыйлык.

2-орун – Аскарбекова Үмүтай грамота жана баалуу сыйлык.

3-орун – Нурланбекова Саида грамота жана баалуу сыйлык.

Сыйлоо аземинен кийин 1-курстун студенттери тарабынан даярдалган Ч.Айтматовдун “Биринчи мугалим” повестинин айрым эпизоддорун сахналаштыруу (кыргыз, орус, англис, немис тилдеринде). Чыгарманын урунтуу делген айрым эпизоддорунан алынып, сахналаштырылып, эң жогору деңгээлде чагылдырылды. Акырында Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы боюнча Викторина өткөрүлдү. (кыргыз, орус, англис, немис тилдеринде).  Kahoot платформасы менен. Жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

phot54
photo_5435988520427704343_y
photo_5435988520427704349_y
photo_5435988520427704367_y
photo_5435988520427704380_y
photo_5435988520427704406_y
photo_5435988520427704436_y
photo_5435988520427704438_y