Сведения об образовательной организации
English
Подбери программу
Подбери программу

«Манас» эпосунун күнү

Категория:

      Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 65 «Манас» эпосун изилдөө, популярдаштыруу жана «Манас- улут биримдиги жана ынтымагы» маалымат өнөктүгүнун концепциясын ишке ашыруу боюнча 2023-2027-жылдарга иш-чаралардын планын бекитүү жөнундө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 27-мартындагы № 1116/1 буйругун аткаруу максатында, Эл арлык инновациялык технологиялар университетинде, төмөндөгу иш чаралар аткарылды:

    Эл аралык технологиялар университетинде, 4-чү декабрында «Манас» эпосунун күнүнө карата «Манас таануу» сабагынын окутуучусу Мирзабекова Назиражан  Ташбоевна «Манас эпосундагы каада салттар, улуттук оюндар жана поэтикасы» деген темада, студенттер арасында илимий практикалык, ачык сабак  өткөзду. Мамалекеттик тил боюнча проректору Акбермет Карыбековна  жана Компьютердик технологиялар колледжинин директору Айзада Давлетбековна катышып, сабак жогорку деңгээлде өтүлгөнүн, практикалык сабакта предмет аралык байланыштар болгонун, студенттердин активдүүлүгүн баалашты. Ошондой эле ачык сабакта «Манас» эпосуна арналган көргөзмө уюштурулуп, манас эпосуна таандык куралдар, китептер, студенттер өздөру тарткан сурөттөр ж.б.коюлуп, студенттер улуттук кийимдерди кийишип, салттык оюндарды чон берилүү менен жеткиликтүү дэнгээлде аткарып беришти. Ачык сабакка мугалим жана студенттер чыгармачылык менен даярданганы, чыгармалардын мазмуундуу аткарылышы менен байкалып турду. Биринчи курстун студенттери  «Манас» эпосунан үзүндү айтышып, поэтикалык декламациялар окулду.  "Чоң Казат" жана "Көкөтөйдүн ашы" аттуу студенттик эки команда таймашка катышып,  улуттук оюндар «Аркан тартуу», «Куч сынашуу», «Топташ»,  «Чукө аттыруу», «Тогуз коргоол»,«Кыз узатуу», «Акыйнек айтышуу» ж.б. салттуу оюндар ойнолуб, каада-салттардын мазмуунун толук ачып, чон чеберчилик менен аткарып беришти. Бардык аткарылган сюжеттер видео роликтер, презентациялар жана музыканын коштоосунда  толукталып турду. 

ЭИТУнун мамлекеттик тил, инновация

жана өнуктүрүү боюнча проректору                        Матыева А.К.

rt
rt2
rt3
rt4