Сведения об образовательной организации
English
Подбери программу
Подбери программу

ЧҮЙДӨН ЫРААЗЫЧЫЛЫК

Категория:

КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Кыштообаева Гулмира Алимбековна Чүй облусунун жалпы билим берүү мекемелеринин 9-11-класстарындагы окуучулар арасында кесип тандоо боюнча иш-чарага активдүү катышкандыгы үчүн ЫРААЗЫЧЫЛЫК КАТ менен Эл аралык инновациялык технологиялар университетин (ЭИТУ) сыйлады. Жыйынга Чуй облсунун райондук акимдеринин орун басарлары, районду билим берүү уюмдарынын жетекчилери, облус боюнча жана Бишкек шаарынан баштапкы, орто кесиптик жана жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө ЭИТУ ректору, т.и.д. Бегалиев У.Т. төмөнкүлөргө токтолду. Кесип тандоо багытындагы көптөгөн профориентациялык ишмердүүлүктүн негизинде ЭИТУ университеттик комплексинде 625 студент Чуй облсунан, анын ичинде 120 студент Аламүдүн районунан билим алууда. Университеттик комплексте көптөгөн тармактар боюнча 8 институт, жана өз алдынча эки орто кесиптик окуу жайлары – Бишкектеги компьютердик системелар жана технологиялар колледжи жана Инновациялык технологиялар жана экономика колледжи жаштарга билим берип келет. 1-курстан баштап баардык адистик боюнча программалоонун негиздери окулуп баштайт жана инновациялык багытка көӊүл бурулат, креативдүү ой-жүгүртүүнү калыптандырууга көӊүл буруу үчүн сабактардын 30 пайызын студенттердин каалоосу менен тандалат. ЭИТУнун Экономика жана Менеджмент Жогорку Мектеби региондордун стратегиялык өнүктүрүү пландарын жана отчетторун комплекстүү иштеп чыгууга мээнеттүү салым кошо алат. Алардын негизинде регионду өнүктүрүү үчүн муктаждуу жеке иш-каналарын ачууга багыт берилет, эрегишсиз өндүрүш ачууга жана өсүүчү киреше алганга болот. Чүй облусунун жетекчилери жана билим берүү мекемелери менен ЭИТУ профориентациялык жумуштарды жаштар арасында жигердүү иштешүүнү макулдашты.