ЭИТУнун студенти түптөгөн Тамашоу лигасында ойногон “Ой – бай” командасы жеке концертин тартуулады

 

 

“Тамашоу” лигасында төрт жылдан бери ойноп келе жаткан ЭИТУнун астындагы, Инновациялык технологиялар экономика колледжинин 3 – курсунун студенти Шарипбай уулу Шайырбек ойногон “Ой – бай” командасы студенттерге концертттик программа тартуулашты.

Концерттин көркүн ачкан “Ой - бай” командасынын тамашалуу номерлери болуп, келген көрүүчүлөргө күтүлбөгөн белектер ойнотулуп жатты. Кеченин башкы коногу болуп, “Асман” проектисинин  финалисттери келип ырдап,  “ЭИТУ” бий ансамбли ар улуттун бийлерин тартуулашты.

Учурда “Ой – бай” командасынын куржунунда Тамашонун үч жолку кубогу бар, жогорку лигада эки жолу оюн көрсөтүшүп, вице-чемпион аталышкан. Жакын арада 3 – февралда боло туруучу, Тамашонун 11 сезонунун чейрек финалында дагы оюн көрсөтүшөт. 

 

 

Автор: meerimainykeeva
Нравится: 0
Создан в: 1 февраля 2019 г. 17:08