Сведения об образовательной организации
English
Подбери программу
Подбери программу

Технологиянын тили сынакта

Категории:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төра гасынын орун басары Э. Байсалов тарабынан бекитилген мамлекеттик тилдин бир айлыгын аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, «УЛУТ Софт» жоопкерчилиги чектелген коому, Эл аралык инновациялык технологиялар университети (ЭИТУ) тарабынан уюштурулган студенттер жана жаштар арасында өтүүчү «Жаңы маалымат технологиялары жана мамлекеттик тил» аттуу сынактын 1-баскычы болуп өттү. 1-баскычта сынакка катышуу үчүн 50 долбоор келип түштү. Анын ичинен 25 долбоор тандалып алынды. Сынактын 2-баскычы 2022-жылдын 15-ноябрында Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде өткөрүлөт.
2-баскычка өткөн катышуучулар (долбоорлор):
Сабыркулова Сабина “Жаңы маалымат технологиялары жана мамлекеттик тил” аттуу сынагынын веб-сайты;
Алтыбаева Жибек Эдилбековна “RTV Vissim программасынын жардамы менен Ахунбаев – Токтоналиев жол кыймылын моделдештирүү”;
Бегалиев Сейтек “Китептер бакчасы” интернет дүкөнү;
Расулжан уулу Алинур “Тарыхый борбордогу заманбап турак-жай комплекси” веб-сайты;
Каримов Эржан “Суши бар”;
Зарипов Эльфат “Студенттерди дене тарбия сабагынан компьютердик тестирлөө”;
Кылычбек уулу Даниэль “Электрондук китеп”;
Рахман уулу Аскаралы, Ботоноева Зарина, Мээримбеков Али “Кыргызстан боюнча гайд”;
Кубанычбек к Зина, Айтбай у Кылымбек, Кубаныч у Абдурахим “IT-нөлдөн”;
Чопонов Данияр, Сартов Ахмед “Курулуш тармагындагы сөздүк”;
Ашырбай уулу Азирет “Word Finder – Сөздү тап”;
Исабеков Темирлан, Сабыров Ырыскелди “УСТУКАН” мобилдик тиркеме;
Чопонов Данияр, Султангазиев Самат, Каныбеков М. “Кыргыз тилин үйрөтүүчү “Окуу платформа” тиркемеси”;
Кубатов Эрбол Чынгызович, Урозматова Танзила Кутбилаевна, Абдырахманов Аскар Амангельдиевич “Билип ал”;
Сатыбалдиев Эржан “Кыргызстандын кооз жерлери” тиркемеси;
Баженов Максим, Муратбеков Сыймык”Бабалар сөздөрү”;
Асанбаев Акоша “Акылдуу келечек”;
Кусанов Баястан Исланбекович ”Уюлдук аппараттар үчүн тесттик тиркеме”;
Рыскелдиева Бегимай Рыскелдиевна “С.Жусуев атындагы мамлекеттик тил борбору”;
Кубанычбеков Арлен, Абдыкалык уулу Кабыл-Улан, Джаныбекова Айпери “Эне тилим”;
Баатырбеков Илим, Мураталиев Усон «Улуттук ашкана»;
Аттокурова Айназым “Кыргызстанда туризмге жаңы жол”;
Жумабай кызы Адинай “Kyrgyzstan World”;
Саидова Зайнабхон Бохадыржановна «Тамга» кыргыз тилин үйрөнүү сайты;
Джусупов Бексултан Талаевич “Кыргызстандагы университеттер”.
“Жаңы маалымат технологиялары жана мамлекеттик тил” аттуу сынактын максаты Мамлекеттик тилди маалымат технологияларында кеңири жайылтуу, санариптештирүү жана IT адистиги боюнча билим алып жаткан студенттердин мамлекеттик тилде программаларды түзүүгө болгон кызыгууларын арттыруу, мамлекеттик тилди колдонуучулардын аудиториясын кеңейтүү, мамлекеттик тилди маалымат технологиялары ( социалдык түйүндөр, веб сайттар) аркылуу интернет мейкиндигине кеңири жайылтуу, кыргыз тилин прогпагандалоо, даңазалоо, жарандарды, озгөчө жаш жеткинчектерди мамлекеттик тилде баарлашууга чакыруу болуп саналат.