Сведения об образовательной организации
English
Подбери программу
Подбери программу

“Технологиянын тили сынакта”

Категория:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.
Байсалов тарабынан бекитилген мамлекеттик тилдин бир айлыгын аткаруунун алкагында
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты
боюнча улуттук комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим
министрлиги, «УЛУТ Софт» жоопкерчилиги чектелген коому, Эл аралык инновациялык
технологиялар университети (ЭИТУ) тарабынан уюштурулган студенттер жана жаштар
арасында өтүүчү «Жаңы маалымат технологиялары жана мамлекеттик тил» аттуу
сынактын 1-баскычына сынакка катышуу үчүн 50 долбоор келип түштү. Анын ичинен 25
долбоор тандалып алынды. Сынактын 2-баскычы 2022-жылдын 15-ноябрында Эл аралык
инновациялык технологиялар университетинде өткөрүлдү. Сынакка Кыргыз
республикасынын бардык аймактарынан мектеп окуучулары, орто кесиптик жана
жогорку окуу жайларынын студенттери жана жаштар мамлекеттик тилде жасаган
мобилдик жана веб тиркемелери, веб-сайттары ж.б. программалык продуктылары менен
катышышты. Улуттук каада-салтты, тилди үйрөтүүгө же кыргыз тилине басым коюлуп
жасалган продуктыларга артыкчылык берилди.
I-деңгээлдеги ДИПЛОМ менен Ашырбай уулу Азирет Ж. Баласагын атындагы
Кыргыз улуттук университетинин студенти “Word Finder – Сөздү тап” долбоору,
жетекчиси Назарбаев Фархат Токтогазиевич;
II-деңгээлдеги ДИПЛОМ менен Асанбаев Акоша Исрайилович Н. Исанов
атындагы КМКТАУ магистри “Акылдуу келечек” долбоору, жетекчиси Жумакадырова
Карылгач Мамбетжумаевна;
III-деңгээлдеги ДИПЛОМ менен Исабеков Темирлан, Сабыров Ырыскелди
К.Тыныстанов атындагы Ысык - Көл мамлекеттик университетинин студенттери
“УСТУКАН - мобилдик тиркемеси” долбоору, жетекчиси Байболотов Бакытбек;
«Эң мыкты Web-тиркеме» номициясындагы ДИПЛОМ менен Кылычбек уулу
Даниэль Ч.Айтматов атындагы №1 Новопавловка инновациялык окуу-лицейинин 8-
классынын окуучусу “Электрондук китеп” долбоору, жетекчиси Турдахунов Кайрат,
«Эң мыкты Mobile-тиркемеси» номициясындагы ДИПЛОМ менен Кусанов
Баястан Исланбекович А.Осмонов атындагы №68 мектеп-гимназиясынын 11-классынын
окуучусу “Уюлдук аппараттар үчүн тесттик тиркеме” долбоору, жетекчиси Назарбаев
Фархат Токтогазиевич;
«Эң мыкты WinForm-интерфейс» номициясындагы ДИПЛОМ менен Зарипов
Эльфат Фархатович Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин студенти
“Студенттерди дене тарбия сабагынан компьютердик тестирлөө” долбоору, жетекчиси
Каримбаев Турсунжан Турашевич;
«Эң мыкты Web-интерфейс» номициясындагы ДИПЛОМ менен Саидова
Зайнабхон Бохадыржановна И. В. Панфилов атындагы №23 мектеп-гимназиясынын
окуучусу, “Тамга” кыргыз тил үйрөнүү сайты, Ош шаары;
«Эң мыкты Mobile-тиркеменин дизайны» номициясындагы ДИПЛОМ менен
Рахман уулу Аскаралы, Ботоноева Зарина, Мээримбеков Али Ж. Баласагын атындагы
Кыргыз Улуттук Университетинин студенттери “Кыргызстан боюнча гайд” долбоору,
жетекчиси Темиров Майрамбек Акбагышович сыйланышты.
Сынактын жеңүчүүлөрүнө «УЛУТ Софт» жоопкерчилиги чектелген коому
тарабынан 1-орун үчүн акыркы үлгүдөгү ноутбук, 2- жана 3-орундар үчүн мобилдик

телефондор, о.э. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил
жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан баалуу китептер, акчалай
сыйлыктар, Эл аралык инновациялык технологиялар университети тарабынан бир катар
жана баалуу белектер менен ыйгарылды. Долбоорлордун жетекчилери “Ыраазычылык
кат” жана катышууулар сертификаттар менен белектерге ээ болушту.
“Жаңы маалымат технологиялары жана мамлекеттик тил” аттуу сынактын
максаты Мамлекеттик тилди маалымат технологияларында кеңири жайылтуу,
санариптештирүү жана IT адистиги боюнча билим алып жаткан студенттердин
мамлекеттик тилде программаларды түзүүгө болгон кызыгууларын арттыруу,
мамлекеттик тилди колдонуучулардын аудиториясын кеңейтүү, мамлекеттик тилди
маалымат технологиялары ( социалдык түйүндөр, веб сайттар) аркылуу интернет
мейкиндигине кеңири жайылтуу, кыргыз тилин прогпагандалоо, даңазалоо, жарандарды,
озгөчө жаш жеткинчектерди мамлекеттик тилде баарлашууга чакыруу болуп саналат.

сынак
сынак 2
сынак 3
сынак 4
сынак 5
сынак 6
сынак 7
сынак 8
сынак 9