Сведения об образовательной организации
English
Подбери программу
Подбери программу

“Кыргызстандын тунгуч окумуштуу педагогу Ишеналы Арабаевдин туулганына 140 жыл”

Категории:

Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде 2022-жылдын 21-ноябрында “Кыргызстандын тунгуч окумуштуу педагогу Ишеналы Арабаевдин туулганына 140 жыл” - аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш чараны Маданий аралык коммуникация жана психология институту уюштурду. Тегерек столдо МАКП институтунун лингвистика багытынын 4-курсунун студенттери: Талип кызы Акбермет “Алгачкы педагог, тилчи окумуштуу Ишеналы Арабаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы”; Темирбекова Айдай “Ишеналы Арабаевдин куугунтукталышы, репрессияланышы”; Шаймерден кызы Айзат “Ишеналы Арабаевдин педагогикалык ишмердүүлүгү” – деген темаларда мазмундуу баяндамаларды жасашты. Андан соң кызыктуу суроо-жооп талкуу болду. Иш чаранын соңунда Ишеналы Арабаевдин өмүрү, ишмердүүлүгү боюнча түзүлгөн (кахутту колдонуп) викториналык суроолорго жооп беришти. Жеңүүчүлөгө кызыктуу китептер берилди.
Тегерек үстөлдүн модератору: ага окутуучу К.К. Жусупкелдиев.

тегерек стол
тегерек стол2
тегерек стол3