Сведения об образовательной организации
English
Подбери программу
Подбери программу

"Эл аралык кызматташтык "

Категория:

2024-жылдын 24-январында Кытай мамлекетинин белгилүү сүрөтчүсү, режиссер, бир нече документалдуу фильмдердин продюсери профессор Чень Хуа иш сапары менен Эл аралык инновациялык технологиялар университетине келди.

Университетке келүүсүнүн негизги максаты – эки өлкөнүн ортосундагы достукту чыӊдоо, Кытайдагы жогорку окуу жайлары жана биздин Университет менен келишим түзүү аркылуу студенттерди окууга жөнөтүү.

Окуу жайдагы студенттерге түзүлгөн шарттарын көрүү үчүн 1-чи жана 2-чи корпустарда жайгашкан окуу кабинеттерди, лабораторияларды, китепкананын иштери менен таанышып чыкты. Университеттин баардык багытында окуп жатышкан студенттер менен жолугушуп баарлашуу жүргүздү.

Жʏргʏзʏлʏп жаткан иштерге ыраазычылык билдирип жана студенттер, педагогдор менен биргеликте эстеликке сүрөткө түштү.

Профессор Чен Хуа өз сөзүндө 2024-жылдын 30-январында кайрадан келип студенттерге «Кытайдын каллиграфиясы жана живописи» аталышындагы лекция окуурун билдирди.

 

автор: Джунушова Шайыр Джоробековна

Директор НИЦ

w1
w2
w3
w4
w5