Сведения об образовательной организации
English
Подбери программу
Подбери программу

Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде илим күнү белгиленүүдө

Категория:

     Илимий конференция    

 

    Эл аралык инновациялык технологиялар университетинде 2024-жылдын 11-ноябрынан 15-ноябрына чейин илим күнүнө карата «Инновациялык технологиялар жана алдыңкы чечимдер: прикладдык изилдөөлөр жана инженерия» аталышындагы Эл аралык жождор аралык студенттердин жана жаш окумуштуулардын илимий докладдарынын илимий-практикалык конференция-сынагы болуп жатат. Аталган конференциянын алкагында Маданий аралык коммуникация жана психология институтунун секциялык иштери абдан жогорку деңгээлде өттү. Конференцияга Кыргызстандык гана эмес чет өлкөлүк студенттер дагы өз докладдары менен катышты. Баяндамалар англис, орус, кыргыз, немец тилдеринде жасалды. Илимий-практикалык конференция-сынактын жыйынтыгында:    

1-орунга Мухамеджанова Гүлшанай    

2-орунга Махмуд    

3-орунга Абдираимов Абдуразак ээ болушту. Жеңүүчүлөр сертификат жана баалуу белектер менен сыйланышты. Конференция-сынактын максаты: студенттерди, магистранттарды илимий иштерге аралаштыруу; илимий иш менен алектенүүгө шыктандыруу; чет өлкөлүк студенттерди катыштыруу менен тажрыйба алмашууга шарт түзүү болуп эсептелет. МАКП институтунун профессордук-окутуучулар курамы жаш окумуштууларды, студенттерди илимий изилдөөлөргө тартууда эбегейсиз эмгек жасоодо.