Сведения об образовательной организации
English
Подбери программу
Подбери программу

Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясынын 1 жылдык юбилей

Категория:

5-декабрь 2024-жылы ДАТИнин кийим дизайнерлери Кыргыз тигүүчүлөр ассоциациясынын 1 жылдык юбилейлик салтанатында өздөрүнүн мода коллекциясын көрсөтүштү. Бул маанилүү иш-чара Бишкек шаарында өтүп, тигүү тармагындагы жетишкендиктерди белгилөө үчүн уюштурулду.

Иш-чарага 300дөн ашуун тигүү өндүрүшүнүн жетекчилери, Жогорку Кеңештин депутаттары, Бишкек шаарынын акимчиликтеринин өкүлдөрү, ошондой эле Кытай, Түркия жана Өзбекстандан келген ишкерлер катышты.

ДАТИнин студенттери иш-чарада өздөрүнүн чыгармачылыгын жана кесипкөйлүгүн көрсөтүп, заманбап дизайн менен улуттук элементтерди айкалыштырган коллекцияларды сунушташты. Алардын чыгармалары коноктордун кызыгуусун жаратып, жогору бааланды. Бул мода көрсөтүү студенттер үчүн чоң тажрыйба болуп, алардын кесиптик өсүүсүнө маанилүү салым кошту.

re
rr