Сведения об образовательной организации
English
Подбери программу
Подбери программу

Аталар изи

Категория:

2024-жылдын 29-апрелинде И.Арабаев атындагы КМУ, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана “Агартуу Лигасы” билим беруу долбоору уюштурган кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөгөн аталарыбыздын ишин жаштарга ар тараптуу жеткирүү максатында “Аталар изи” аталышындагы жаштар форумуна ЭИТУнин Студенттик Парламентинин президенти Дуйшебекова Алия катышты. КР ЖК депутаты Чыңгыз Айдарбеков, коомдук ишмер Роза Айтматова, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгул Абдраева, окумуштуу-тарыхчылар Чолпон Койчуманова, Зайнидин Курманов, Шайыр Батырбаева, Назира Усупова, Ата-Бейит Улуттук комплексинин директору Болот Абдрахманов форумдун ардактуу коноктору болушту.

Иш-чара КР Президентинин “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгын белгилөө” жөнүндө жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү. ЭИТУнин студенти Дуйшебекова Алия Жаштар форумуна чакырылган Кыргызстандын Жогорку окуу жайларынын активист студенттеринин катарын толуктады.

Мындай иш-чараларды өткөрүү жаштардын башын бириктирип, жаркын келечекке умтулган студенттерибиздин билим алууда алдынкы технологияларды, инновацияларды колдонуу менен бирге мамлекетибиздин, элибиздин тарыхын, маданиятын, тилин унутпай дайыма көкүрөктөрүнө туюп, билип жүрүүсүнө өбөлгө түзөт.

er
wr
wr1
wr2