Кыргыз тилин санариптик окутуу платформасынын таанытымы өттү
2025-жылдын 5-мартында КР Билим берүү жана илим министрлигинде Кыргыз тилин санариптик окутуу платформасынын таанытымы болуп өттү. Бул иш-чарага жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын, орто мектептин кыргыз тили сабагынын окутуучулары офлайн жана онлайн форматында катышты. Эл аралык инновациялык технологиялар университетинен МАКП институтунун ага окутуучусу К.К. Жусупкелдиев онлайн катышты. Кыргыз тилин санариптик окутуу платформасын анын автору, “Кыргыз тест” системасынын түптөөчүсү Батма Болоталиевна Топоева тааныштырды. Бул платформа кыргыз тилин жаңы үйрөнүп жаткандар үчүн (А1 денгээли) түзүлгөн. Лексикалык минимум, Лексиканы колдонуу, Коммуникативдик компетенттүүлүк жана Функционалдык грамматика бөлүмдөрүнөн турат. Бүгүнкү күндүн талабына ылайык түзүлгөн абдан ыңгайлуу санарип платформа экен.