Сведения об образовательной организации
English
Подбери программу
Подбери программу

Спорт жаңылыктары

Категория:

Үстүбүздөгү жылдын 11-март айынан баштап, өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын арасында студенттердин Универсиада-2025 спорттук оюну башталды. Бул оюнга жогорку окуу жайлардын тандалма спортчулары күч сынашууда. Спорттук таймаштарга биздин ЭИТУнун студенттери да катышууда.

Кыздар арасында өткөрүлгөн теннис оюнунда кыздарыбыз Каттаева Кундуз (ДИЗ-1-23 тобу) жана Кумашева Элена (ПИН-1-23 тобу) жакшы спорттук чеберчиликтерин көрсөтүп, финалдык топторго чыгып, төртүнчү командалык орунга ээ болушту.

8–9-апрель күндөрү өткөрүлгөн эркин күрөш боюнча мелдеште Маматсабиров Дастан (М(б)-1-23 тобунун студенти) 70 кг салмакта бардык атаандаштарын жеңип, 1-орунду камсыз кылып, чемпион болду. Ал эми ИЭМ-1-23 тобунун студенти Абсатаров Актилек 65 кг салмакта күрөшүп, 3-байгелүү орунду багынта алды.

Алдыда футбол оюну боюнча боло турган мелдешке университеттин курама командасы даярдык көрүүдө. Футболчуларыбызга ийгилик каалайбыз.

Материалды даярдаган: спорт кафедрасы.

У нас теперь новый сайт! Перейдите на новый сайт